Баткен: куралдуу кагылышуудан 24 адам каза болду, 103 жаран жараат алды
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 17-сентябры саат 9:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
- Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабырлануучу
- ЖДПБ Лейлек – 21 жабырлануучу
- ЖДПБ Кулунду – 3 жабырлануучу
- ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу
- Улуттук госпиталда – 20 жабырлануучу,6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу.
Ошондой эле Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 24 кыргызстандык набыт болду. Economist.kg редакциясы каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.