Баткен: эртең менен тажик тарап кайрадан минометтон ок чыгарды

Баткен: эртең менен тажик тарап кайрадан минометтон ок чыгарды

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. 

  • Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы