Талас шаарындагы аэропортту ишке киргизүү пландалууда
Талас шаарындагы аэропортту ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык объекттердин жана транспорттук жолдордун абалын жеринен көрүү жана калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышуу максатында Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Талас облусундагы көчмө жыйыны кечээ, 10-октябрда Талас шаарында өттү.
“Туризм жана экономиканы өнүктүрүүдө авиациянын стратегиялык мааниси эске алынып, аталган аэропортту тезирээк ишке киргизүү тапшырмасы тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилди. Борбор калаадан келген комитет мүчөлөрү Талас шаарындагы бир катар көйгөйлүү маселелерди комитеттин чечимине киргизип, рационалдуу чечип берүүнү убадалашты”, – деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, аталган көчмө жыйын атайын белгиленген программанын алкагында 8-10-октябрь күндөрү Талас облусундагы аймактарда жүргүзүлдү.


