Онлайн төлөм жүргүзүүдө кантип шылуундарга илинбеш керек, эгерде илинсеңиз, эмне кылуу керек?

Онлайн төлөм жүргүзүүдө кантип шылуундарга илинбеш керек, эгерде илинсеңиз, эмне кылуу керек?

Кыргызстанда онлайн-банкингдин, мобилдик капчыктардын популярдуулугу өсүүдө, демек, аралыктан тейленүүчү финансылык кызматтарга суроо-талап көбөйүүдө. Улуттук банк шылуундардын курмандыгы болуп калбоо жана акча каражатын жоготуп албоо тууралуу эскертме даярдады.

Улуттук банк сактык чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу эскертет, себеби алдамчылардын иш-аракеттерин баамдап билүү боюнча алган билим өз кезегинде туура чечим кабыл алууга жардам берет. Анткени эң ишенимдүү коопсуздук системалары да бизди сак болуу зарылдыгынан бошотпойт.

Алдамчылык аракеттери кантип башталат?

Эгер сиз товарды онлайн сатып алууну же сатууну чечсеңиз, сак болуңуз – алдамчылар көбүнчө сатып алуучулардын же сатуучулардын ролун ойношот.

Сиздин товарга өтө кызыкдар экенин билдирген сатып алуучу пайда болот, ал сиздин эсебиңизге аванс которууга даяр болуп, сизден картанын номерин же телефон номерин гана эмес, картанын аныктыгынын кодун (арт жагында үч сан, мисалы, CVV же CVC), банктын мобилдик тиркемелерине жана электрондук капчыктарга коюлган логин менен сыр сөздү да сурайт. Көп учурда алдамчылар товарларды жана кызматтарды жеткирүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алдын ала төлөө жана/же төлөө шылтоосу менен фишинг сайттарына шилтемелерди жөнөтүшөт, ал шилтемени басканда, ошондой эле картанын реквизиттерин, логинди жана паролду/СМС тастыктоо кодун киргизгенде, мобилдик тиркеменин ээси өз каражаттарын башкарууну алдамчыларга өзү өткөрүп берип коёт.

Мындай ыкмада сиз сак болушуңуз керек, анткени акча которуу үчүн картанын же банк эсебинин номерин гана билүү жетиштүү.

Алдамчыларга сиздин картаңыздагы кайсы маалыматтар керек?

Аларга сиздин картаңыздын реквизиттери: картанын номери, аты-жөнүңүз,  жарактуулук мөөнөтү, картанын аныктыгын текшерүү коду (арт жагындагы үч сан, мисалы, CVV же CVC), ПИН-код, ошондой эле Банкыңыз жөнөткөн, төлөмдөрдү жана которууларды ырастоо үчүн СМС коду керек.

Эгерде кылмышкерлер өздөрүнө керектүү маалыматты таап алса, эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот дагы андагы акчанын баарын чыгарып кетишет.

Акчаңызды кантип коргосоңуз болот?

Эгерде кардар өзү ачыкка чыкпай турган жашыруун маалыматтарды кылмышкерлерге айтса, акчаны банк аркылуу кайтарып берүү мүмкүн болбой калат. Ошондуктан, алдамчылардын тузагына түшпөө, акчаны алдырып албоо үчүн негизги коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.

Банктык төлөм карталарын колдонуу менен санкциясыз операцияларды  болтурбоо боюнча сунуштар:

  • Ар дайым банктын расмий гана номерин териңиз. Бул картанын арткы бетинде жана банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн.
  • Белгисиз номерлерге кайра чалбаңыз же СМС жөнөтпөңүз, «банктан» келген деген билдирүүлөрдүн шилтемелери аркылуу өтүүгө шашылбаңыз. Кандай болбосун  түшүнүксүз кырдаалда банктын расмий номерине чалып, маалыматты оператордон тактаңыз.
  • Эгерде, Банктан чалып калса, чалган адамдын аты-жөнүн жана кызмат ордун тактап алыңыз дагы ага өзүңүз кайра чаларыңызды айтыңыз. Телефонду коюп, уюмдун расмий телефон номерине же банктын ишеним телефонуна чалыңыз. Номер кол менен терилиши керек.
  • Эч кандай шартта, эч кимге жеке маалыматтарды, картанын реквизиттерин жана жашыруун маалыматты: картанын артындагы CVC/CVV кодун, СМС коддору жана ПИН коддорду бербеңиз. Банк кызматкерлери мындай маалыматты эч качан сурашпайт. Сизди өздөрүнүн системасынан табуу үчүн аларга сиздин толук аты-жөнүңүздү билүү жетиштүү. Анан дагы банк кызматкери сизге телефон чалып, картаңыздын реквизиттерин сурабайт. Сиз банктын ишеним телефонуна өзүңүз чалган убакта гана сыр сөздү кабарласаңыз болот.
  • Эгерде сиздин картаңыз уурдалып кетсе, жоголсо же банкомат жутуп алса же кандайдыр бир башка кыйынчылыктар жаралса, дароо өзүңүздүн банкыңызга чалыңыз.
  • Өзүңөрдүн жүргүзгөн операцияларыңызды банктан берилген көчүрмө боюнча дайыма текшериңиз. Эгерде сиз ишке ашырбаган транзакцияны тапсаңыз, анда тез арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу арызы жана өтүнүчү менен банкка кайрылыңыз.

Мобилдик тиркемени жана электрондук капчыктарды (мобилдик тиркемелер) колдонуудагы сунуштар:

  • Аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча мобилдик тиркемелерди колдонууда да сактык чараларын сактаңыз.  Биринчиден, узун жана татаал сыр сөздү коюңуз (мисалы, тамгалардан жана символдордон турган).
  • Банктын мобилдик тиркемесинин сыр сөзүн жана Банктан алынган СМС коддорун эч кимге, анын ичинде туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештерге айтпаңыз жана бербеңиз.
  • Сиздин жеке маалыматтарыңызды кимдир бирөө билип калды деп  шектенсеңиз, логинди жана сыр сөздү/ мобилдик банкингге кирүү кодун сөзсүз кайра  өзгөртүңүз.
  • Расмий веб-сайттарды гана колдонуңуз, эч качан текшерилбеген шилтемелерге кирбеңиз, анан калса ал жакка жеке маалыматтарды, картаңыздын реквизиттерин, ошондой эле электрондук капчык, аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн мобилдик тиркеме боюнча маалыматтарды киргизбеңиз.

Көп учурда алдамчылар товарларды жана кызматтарды жеткирүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алдын ала төлөө жана/же төлөө шылтоосу менен фишинг сайттарына шилтемелерди жөнөтүшөт, ал шилтемени басканда, ошондой эле картанын реквизиттерин, логинди жана паролду/СМС тастыктоо кодун киргизгенде, мобилдик тиркеменин ээси өз каражаттарын башкарууну алдамчыларга өзү өткөрүп берип коёт.

  • Эгерде сиз мобилдик аппаратыңызды же мобилдик банкинг системалары боюнча жеке маалыматтарыңыз тууралуу маалыматты жоготуп алсаңыз, же сизден башка бирөө бул маалыматты билет же мобилдик түзүлүшкө кириши мүмкүн деп шектенсеңиз, анда тез арада банкка кайрылып, мобилдик банкингдеги өз ишиңизге дароо бөгөт коюу  керек. Эгерде жүктөлүп алынган мобилдик тиркеме менен телефонуңуз уурдалып кетсе, дароо банкка кабарлаңыз, картаңыз менен капчыгыңызды блокко койдуруңуз.
  • Өзүңөрдүн жүргүзгөн операцияларыңызды банктан берилген көчүрмө боюнча дайыма текшериңиз. Эгерде сиз ишке ашырбаган транзакцияны тапсаңыз, анда тез арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу арызы жана өтүнүчү менен банкка кайрылыңыз.
  • Эгерде сизге өтүнүч же талап менен Улуттук банктын “корголгон” же “атайын” эсебине акча которуу же кредит берүү сунуштары менен чалып жатса, эсеп боюнча эч кандай аракеттерди жасабаңыз. Улуттук банк эсеп ачпайт жана жарандар менен иштебейт.

Эгерде болбой эле алдамчылыкка туш болуп калсаңыз эмне кылуу керек?

Эгерде сиздин банк картаңыздан акча күтүлбөгөн жерден чыгарылса:

  1. Мүмкүн болушунча тезирээк банкка чалыңыз (номери картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн), алдамчылык операциялары жөнүндө кабарлаңыз жана картаны блокко коюңуз.
  2. Банктын филиалына кайрылып, эсептин көчүрмөсүн сураңыз. Операцияга макул эместигиңизди билдирип арыз жазыңыз. Банктын кабыл алуу белгиси менен арыздын көчүрмөсүн сактап коюңуз.
  3. Уурдоо тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Улуттук банк эмне кыла алат?

Жарандар Улуттук банкка финансылык уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча суроолор жана өз укуктарынын бузулушу боюнча даттануулары менен кайрыла алышат. Улуттук банк финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш жүргүзөт.

Эгерде сиз финансы рынокторундагы алдамчылык операциясынын курмандыгы болуп калсаңыз, финансылык кызматтарды керектөөчүнүн арызы боюнча Улуттук банк жөнгө салуучу катары талаптагыдай текшерүүлөрдү жүргүзөт, зарыл болгон учурда  тиешелүү көзөмөлдөө чараларын көрөт.

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө дайыма сак болууга, алдамчылык иш-аракеттеринин тузагына түшүп калуудан этият болууга чакырат. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жашаган жарандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган. Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды. Анда суу жээгинде жүрүм-турум эрежелери, айрыкча жаш балдарды көзөмөлдөө

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде таанышуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бул жол унаа тыгындарын толук жойбосо да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот. Ошондой эле мэр Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны