Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активисттерди, саясатчыларды жана журналисттерди кармоо учурунда одоно мамиле жасоо жана өмүрүнө тикелей коркунуч келтирүү сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталганын билдирди.

Билдирүүдө КР Акыйкатчы институту активисттерди тинтүү, суракка алуу жана кармоо боюнча адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү улантаарын айтат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Бишкек шаардык ИИБде, ошондой эле Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайларында кармалып, камакка алынган 18 адам менен жолугушуп, сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алар: Мадеминов Т., Бекчоро уулу Э., Сасыкбаева А., Карасартова Р., Шабдан Али, Жээнбеков Р., Капаров Ч., Маматаев У., Асанбаев Н., Журабаева Г., Мамыркулова К., Бекназаров А., Асанов Б. ., Молдокматов Ж., Атай Бейшенбек, Акматов А., Сооронкулова К., Суранова П.

“Тинтүү учурунда айрым тартип коргоо кызматкерлери активисттерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө орой мамиле жасашкан, аларга видео-фото тартууга тыюу салышкан, айрым активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык буюмдарын тартып алышкан жана милицияга чакыруу кагазын бербей туруп чакырган,” – деп жазылган билдирүүдө.

Кармалган жарандар менен “Кылым шамы”, “Жарандык демилгелер”, “Артикл 9” укук коргоо уюмдары жана адвокаттар да жолугушту.

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин коңшу мамлекетке берүүгө каршы чыккан активисттердин массалык түрдө кармалышын сынга алып, сотко чейинки өндүрүш учурунда алардын укуктары бузулбашы керектигин эскертүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы мектеп имараты салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда имаратты эмерек менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы мектептин жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Окуучулар үчүн заманбап

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынан түшкөн өзөндүн суусун М1 насостук станциясынын каналына багыттоо үчүн 1350 метр жаңы канал казылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул долбоордун негизги максаты — насостук станциянын электр энергиясын үнөмдөө жана сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу