Камактагы активисттердин дээрлик бардыгы 2 айга камакка алынды

Камактагы активисттердин дээрлик бардыгы 2 айга камакка алынды

23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашуун саясатчы жана активисттерди укук коргоо органдары камакка алган.

25-октябрга карата кармалгандардын тизмесинде төмөндө аты аталган жарандар бар:

  1. активист Эрлан Бекчороев
  2. БШКнын экс-мүчөсү Гульнара Джурабаева
  3. журналист Айданбек Акматов
  4. саясатчы Равшан Жээнбеков
  5. экс-депутат Асия Сасыкбаева
  6. активист Айбек Бузурманкулов;
  7. активист Перизат Суранова
  8. активист Чынгыз Капаров
  9. активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан)
  10. активист Таалай Мадеминов
  11. УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дуйшебаев
  12. активист Нурлан Асанбаев
  13. экс-депутат Кубанычбек Кадыров
  14. политик Бектур Асанов
  15. укук коргоочу Клара Сооронкулова
  16. саясатчы Женңиш Молдокматов
  17. укук коргоочу Рита Карасартова
  18. саясатчы Азимбек Бекназаров
  19. активист Улукбек Маматаев
  20. активист Талант Эшалиев.

Ошол эле учурда адвокат Замир Жоошевдин айтымында, камактагы активисттер менен саясатчылардын адвокаттарынын бири да кылмыш ишин козгоо чечимин көргөн эмес жана ал сотко берилген эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Акыйкатчы институту Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активисттерди, саясатчыларды жана журналисттерди кармоо учурунда одоно мамиле жасоо жана өмүрүнө тикелей коркунуч келтирүү сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталганын билдирген болчу.

Кошумча окуңуз:

Бишкекте 500дөн ашык адам тынчтык митингине катышты

Активисттерди камагандан маселе чечилеби? — Мирлан Самыйкожо

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды — Кемпир-Абад Өзбекстанга кетиши мүмкүн

Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор