Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген.

Анын ичинде:

  • 39 баш кой;
  • "Арашан" тукумундагы 1 баш кой жана эгиз козусу;
  • 5 жаштагы 1 карагер айгыр болгон.

Бирок шектүү убада кылган акчасын төлөбөй, байланыштан чыгып, изин жашырып жүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1984-жылы туулган Ж.Н. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө амалдары уланууда.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0313 45 33 80 номери аркылуу же Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну суранат.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу