«Бишкекжарык» МИде 140 млн сомду негизсиз иштетишкен - жок эле кызматкерлерге айлык төлөнүп жүргөн

«Бишкекжарык» МИде 140 млн сомду негизсиз иштетишкен - жок эле кызматкерлерге айлык төлөнүп жүргөн

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Ички аудит бөлүмү тарабынан «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына ички аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 140 млн сомдук тартыштык аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган:

  • эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, ошондой эле “өлүк жандар” жана штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине 95.6 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 6.4 млн сом суммасындагы бузуулар, анын ичинен 1.1 млн сому жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар
  • 27.8 млн сом өлчөмүндө адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу
  • берүүчүлөрдүн ишканага жашырылган дебитордук карызы 5.6 млн сом
  • кассалык операцияларды жүргүзүү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги бөлүмү боюнча 3.9 млн сомдун тартыштыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, текшерүүдөн өткөн мезгилде биринчи кол коюу укугу менен «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары – ишкананын директорлору болушкан:

  • 01.07.2019 – 09.08.2020-жылга чейин – Абдылдаев А.А.
  • 08.09.2020 – 11.04.2020-жылга чейин – Чодонов А.К.
  • 04.11.2020 – 29.10.2021-жылга чейин – Абдылдаев А.А.
  • 29.10.2021- 13.09.22 жылга чейинки мезгилде – Чодонов А.К.

Экинчи кол коюу укугу менен ишкананын башкы бухгалтерлери төмөнкүлөр:

  • 02.05.2017 – 29.07.2020-жылга чейинки мезгилде – Абдразакова З.М.
  • 29.07.2020 – 11.01.2021-жылга чейинки мезгилде – Джолдошева А.К.
  • 11.01.2021 – 30.09.2022-жылга чейинки мезгилде – Жангараева А.Б.
  • 2022-жылдын 30-сентябрынан азыркы учурга чейинки мезгилде – Джумалиева А.Д.

«Бишкекжарык» МИнин айрым кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын