Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда, Кулатов, Салиев, Сүюмбаев көчөлөрүндөгү турак үйлөр жана административдик имараттар, ошондой эле Жибек-Жолу проспектисиндеги медициналык борбор текшерүүгө алынган.

Рейддин жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга эскертүүлөр берилип, коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын так сактоо милдеттендирилди.

Тиешелүү мекеме курулуш компанияларын бардык талаптарды сактоого чакырып, бул жарандардын өмүрү жана ден соолугун коргоонун негизги кепилдиги экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. Жаңы чектөөлөр

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media