Банктар депозиттерди камсыздандыруунун суммасын 400 миң сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилет

Банктар депозиттерди камсыздандыруунун суммасын 400 миң сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилет

Экономика министрлиги коммерциялык банктардагы депозиттерди милдеттүү камсыздандыруунун суммасын дароо эки эсеге, тагыраак айтканда, 200 миң сомдон 400 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгелеп жатат.

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Экономика министрлиги белгилегендей, бул мыйзам долбоорунун милдети болуп – кепилденген учур (банкроттук) келген учурда коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-кредиттик компаниялардын аманатчыларынын депозиттери боюнча компенсациянын суммасын 200 миң сомдон 400 миң сомго чейин көбөйтүү эсептелет.

“Депозиттерди коргоо системасы аманатчыларды коргоого жана финансылык системанын туруктуулугун сактоого багытталган. Камсыздандырып ордун толтуруп төлөп берүүнүн деңгээли элдин банктарга болгон ишенимине жакшы таасирин тийгизет жана ошону менен депозиттик базанын көлөмүнө жакшы таасир этет. Камсыздандыруу төлөмүнүн деңгээли канча  жогору болсо, коммерциялык банктарда банктын кредиттик ишинин ресурсунун булактарынын бири болгон депозиттик базасы ошончолук кенен болот”, -деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

КРда депозиттер боюнча компенсациянын, б.а. ордун толтуруп төлөп берүүнүн суммасы акыркы жолу 2016-жылы кайрадан каралган. Ага ылайык, компенсация 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин көбөйтүлгөн эле.

Economist.kg маалымдагандай, 2019-жылы Экономика министрлиги коммерциялык банктардагы депозиттерди милдеттүү камсыздандыруунун суммасын 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин көтөрүүгө аракет кылган. Белгисиз себептер менен бул сунуш ишке ашкан эмес.

Эмне үчүн аманаттарды камсыздандыруу керек?

Депозиттерди коргоо системасы аманатчыларды коргоого жана финансылык системанын туруктуулугун сактоого багытталган. Камсыздандырып ордун толтуруп төлөп берүүнүн деңгээли элдин банктарга болгон ишенимине жакшы таасирин тийгизет жана ошону менен депозиттик базанын көлөмүнө жакшы таасир этет.

Камсыздандыруу төлөмүнүн деңгээли канча  жогору болсо, коммерциялык банктарда банктын кредиттик ишинин ресурсунун булактарынын бири болгон депозиттик базасы ошончолук кенен болот.

Депозиттерди коргоо системасына катышкан банктардын реестрине депозиттерди кабыл алууга Улуттук банктан лицензия алган бардык коммерциялык банктар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин