Казакстан КРга жумуртка, ун, шоколад, макарон азыктарын экспорттойт - ал эми Кыргызстанчы?

Казакстан КРга жумуртка, ун, шоколад, макарон азыктарын экспорттойт - ал эми Кыргызстанчы?

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын жүгүртүүсү сегиз айда дээрлик 160 млн долларга жеткенин Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен kaztag.kz порталы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2022-жылдын 8 айында Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын соода жүгүртүүсү 9%га өсүп, 159.9 млн долларды түзгөн.

“Казакстан негизинен жумуртка, сүт азыктары, ун, макарон, шоколад жана кондитердик азыктарды экспорттойт. Ал эми Кыргызстандан сүт азыктары, алкоголсуз суусундуктар импорттолот”, – деп айтылат казак порталынын берген маалыматында.

Ошондой эле Казакстан айыл чарба жаныбарларын экспорттоого чектөөлөрдү алып салгандан кийин, Кыргызстан менен асыл тукум малдар, ветеринария, фитосанитария, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык материалдарын алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экени айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан социалдык маанилүү товарлардын сап башында турган – буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан ташып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын