Казакстан Талас облусунан мал этин ташууга мурда коюлган тыюу салууну алып салды

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык көзөмөлдөө комитети үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Кыргызстандын Талас облусунан мал чарба продукциясын, тагыраак айтканда, эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салган болчу.

14-октябрда Казакстан аталган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алганын eldala.kz порталы билдирди.

“Тыюу салууга Талас облусунда күйдүргү оорусунун очогу катталгандыгы тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгы уюмунун билдирүүсү негиз болгон. Андан кийин Казакстан Талас облусунан айыл чарба жана жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрүн, генетикалык материалды, эт жана эт азыктарын, сүт жана башка азыктарды алып кирүүгө тыюу салган болчу”, – дейт казак порталы.

Кошумча окуңуздар:

Казакстан КРга жумуртка, ун, шоколад, макарон азыктарын экспорттойт — ал эми Кыргызстанчы?

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди.  Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди. "Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана