Улуттук банк алтынды сатуудан түшкөн 760 млн долларды доллардын курсун кармап турууга жумшаган

Улуттук банк алтынды сатуудан түшкөн 760 млн долларды доллардын курсун кармап турууга жумшаган

Улуттук банк алтын сатуудан түшкөн каражаттан доллардын курсун кармап турууга жумшады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк 19 тонна алтынды 1 млрд доллардан ашык каражатка сатып, андан кийин доллардын курсун кармоо үчүн интервенцияларга 760 млн долларга жакын акча короткон.

«Улуттук банк интервенцияларды өз каражатынан жүргүзөт, анда эмне үчүн мамлекеттин акчасын коротот? Бул каражаттар өлкөнүн бюджетине түшүшү керек эмеспи?», – деп суроо салды комитеттин төрагасы.

Ага Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков жооп берип жатып, Улуттук банк «Кыргызалтындан» 19 тонна алтын сатып алып, бул алтын-валюта резерви болуп калганын айтты. Кийинчерээк 700 млн доллардан ашык каражат курстук интервенцияларга жумшалган.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги чет өлкөлүк конокторду тосууга тендер жарыялады

Экономика министрлиги чет өлкөлүк конокторду тосууга тендер жарыялады

Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу боюнча расмий иш-чараларды уюштуруу кызматтарын сатып алуу үчүн тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди. Маалыматка ылайык, конокторду тосуп алуу иш-чараларына 3 млн 931,4 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык тапшырмада төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн: * транспорт каражаттары жана айдоочулар; * аэропорттон тосуп алуу

Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

КРнын Улуттук банкы “Борбордук Азиянын финансы рынокторунда жасалма интеллект 2025” аттуу аналитикалык баяндама жарыяланганын маалымдады. Баяндама региондогу эң ири комплекстүү изилдөө болуп саналат. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын финансы секторлорунун 232 уюмун сурамжылоонун негизинде даярдалган. Билдирүүгө караганда, документте 2024–2025-жылдардагы дүйнөлүк жасалма интеллект рыногунун негизги өнүгүү тенденцияларын талдоо берилген. Финансы

Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларында жылыш болот

Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларында жылыш болот

Бүгүн Бишкек шаарында "Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк" аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана

А.КАсымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

А.КАсымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине “соода дарбазасы” болууга даяр экенин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Минкаб төрагасы белгилегендей, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек ара инфраструктурасын жакшыртууга жана көзөмөлдүк-өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо зарыл. “Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык