Ысык-Көлдүн балынын 1 кг Америкада 1600 сомдон сатылууда

Ысык-Көлдүн балынын 1 кг Америкада 1600 сомдон сатылууда

Ысык-Көлдүн органик балы Американын Алабама штатынын маркеттеринде сатылууда. Мындай маалымат Фейсбуктагы «Кыргыз азыктарын сатып ал!» Өндүрүш өнүгүүнүн негизи! (Покупай Кыргызское! Производство основа развития!) баракчасында айтылды.

Баракчада Алабама штатында сатылып жаткан балдын сүрөтү коюлган. Анда балдын салмагы менен баасы 20 доллар деп көрсөтүлүп турат. Азыркы курс менен эсептегенде ал улуттук валютага – 1660 сом болот.

“Кыргызстандын бал өндүрүү тармагы болгону 10%га өнүккөн. Бизди дагы көп жакшылык жана ачылыштар күтүүдө. Бул тармакка жакшы көңүл буруу керек. Мамлекет дагы, жеке бизнес дагы. Бал тармагы өнүккөн жердин жалпы айыл чарбасы өнүгөт. Балдын айыл чарбага таасири төмөнкүдөй. 1кг өндүрүлгөн бал 300 сомго сатылса, анын таасири жалпы айыл чарбага 10500 сомго тете. Анткени ары учкан жерде жер көгөрөт, чөп бышат, бактагы гүл чаңдашып сонун мөмө берет, суу сакталат. Ошон үчүн бал тармагын өнүктүрөлү”, – дейт автор.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын