«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

“Азаттык Медиа” мекемеси “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди.

“Демирбанк” “Азаттыктын” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдирген. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

“Азаттык Медиа” ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча эки тараптан тең жооп ала элек экенин айтууда.

Кыргызстандын “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоодо турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттук актынын негизинде камоо коюлушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өтүнүчү, талабы банктык эсеп боюнча операцияларды токтотууга негиз болуп саналбайт. Банк бул норманы бузган учурда, түзүлгөн келишимге ылайык, жоопкерчиликти банк тартат. Мындан тышкары, эгерде кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексинде белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө, банк материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болот.

“Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптарына ылайык, иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акысын жана башкаларды төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир күн үчүн мөөнөтү кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0.15%ын кошумча төлөөгө милдеттүү. Мындай төлөмдөр болгон учурда, иш берүүчү банктык эсептери боюнча операцияларды негизсиз токтоткон банкка регресстик доо кое алат”, – дейт аталган портал.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыктын” эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сураган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн – авторитардык ыкма экенин билдирген.

Маалыматка таянсак, 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын