Энергетикалык суусундуктардан төрт айда 78 млн сом акциз салыгы чогулду

Энергетикалык суусундуктардан төрт айда 78 млн сом акциз салыгы чогулду

Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 78 млн сомдон ашык акциз салыгын чогултканын билдирди.

Эске салсак, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы 2022-жылдын 1-июлунан тартып чогулуп баштаган жана андан бери 78.4 млн сом чогулткан.

Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37.1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41.2 млн сомду түзөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литр үчүн 1 сомду түзөт.


КРнын аймагына энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда. Аталган мыйзам долбоору 25-октябрдан тартып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам жарандардын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

Кошумча окуңуз:

Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда — ЭИК

Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу

Энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 10 сомдон ашпайт

Кыргызстанда энергетикалык ичимдиктерге тыюу салуу сунушталууда

Алкоголсуз сергитүүчү суусундуктар 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын