Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кечээ, 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырып, колдоп беришти.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын “Азаттыкка” билдирди:

“Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат”, – деген ал.

Белгилей кетсек, долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө – депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон жарандык активисттер менен саясатчылардын саны 26га жетти.

Эске салсак, 23-октябрдан бери 20дан ашык саясатчы жана активист укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге каршы чыгышкан. Алардын көбүнө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын