Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан, бюджетке быйыл 24 млрд сом түшпөй калат

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан, бюджетке быйыл 24 млрд сом түшпөй калат

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан быйыл Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 24 млрд сом түшпөй калат.

Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай комитетинин 2023-жылдын бюджетинин долбоору каралып жаткан жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында депутат Алишер Козуев республиканын тышкы карызын өз убагында тейлөө жана 2022-жылга карата бажы төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Буга жооп катары Бажы кызматынын төрагасы оор геосаясий кырдаалдан улам үстүбүздөгү жылдын төлөмдөрүн чогултуу планы боюнча 24 млрд сомго жакын каражат түшпөй турганын айтты.

«Бүгүнкү күндө төлөмдөрдүн көлөмү 57 млрд сомду түздү, ал эми 2022-жылга карата план 98.5 млрд сом деп белгиленген», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Эки өлкө ортосунда логистикалык комплекс куруу талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

"Дельфин" комплексинде 8 млн 880 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныктады

Борбор калаанын муниципалитети "Сууда сүзүү, заманбап беш түр мелдеш, фехтование, триатлон жана дзюдо боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби “Дельфин” муниципалдык мекемесинде аудит жүргүзгөнүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Аудиттин жыйынтыгында каржылык тартиптин бузулушу жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, архив иши жана ички көзөмөл жаатындагы колдонуудагы

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда кайра иштетилчү таштанды жыйымын алуу күчөтүлөт. Автоунаалар кымбаттайт.

Россияда утилизациялык жыйымды кайрадан күчөтүү пландалууда. Эксперттер мунун натыйжасында автоунаалар кымбатташы мүмкүн экенин божомолдошууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр, акыркы айлардагы экинчи корректировка катары Россия өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Мыйзам долбоору Россиянын Өнөр жай жана соода тарабынан даярдалган. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнөн автоунааларды алып кирүүгө байланыштуу кайра иштөөгө жарактуу таштанды (утиль) жыйымын эсептөө тартибин кайра

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу