Бишкекте автоунаага каалагандай комбинациядагы номурларды сатуучу жаңы түйүн ачылды
«Инфоком» Мамлекеттик ишканасы Бишкекте унаалардын өзгөчө комбинациялуу мамлекеттик номурларын сатуучу жаңы түйүнү ачылганын билдирди.
Ал түйүн Барпы Алыкулов көчөсүнүн 3/10 дареги боюнча “2 прораб” курулуш гипермаркетинин (АвтоЦОН) имаратында ачылды.
Ал жерде:
- аукциондук жана аукциондсуз номерге сертификат сатып алууга болот
- даяр мамномерди сатып алууга жана жеринде тариздөөгө шарт түзүлгөн
- каалаган комбинацияны тандап, сайттан каттоо жана мамномерлерди сатып алуу боюнча консультация алууга болот.
«Инфоком» шейшемби, шаршемби – дем алыш күндөрү экенин, nomer.srs.kg сайтында бардык мамномерлер жөнүндө маалымат бар экенин эскертет.


