ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы алымдары 4.7 млрд сомго азайды - Бажы кызматы

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн бажы алымдары 4.7 млрд сомго азайды - Бажы кызматы

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар 11.3 млрд сом болуп, болжолдук көрсөткүчтөргө карата 78.3%ды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алымдар азыркы күндө 4 млрд 700 млн сомго азайган.

“Бул Бажы биримдигине кирген баш мамлекеттен жалпылаштырып кирген товардын өлчөмүнөн алынган бажы алымдары, анын ичинен КРга берилген 1.9%дык көрсөткүчү бүгүнкү күндө 4.7 млрд сомдук өлчөмдө бизге түшпөй жатат дегенди түшүндүрөт.

Андан сырткары, бул беш мамлекет ичиндеги бажы төлөмдөрүнө 1 миң 300дөн ашык товардык позицияга жеңилдиктер берилгендигине байланыштуу болуп жатат”, – деди ал.

Исабеков буга карабастан 2021-жылдын ушул тогуз айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20.3 млрд сомго көбөйгөнүн, же болбосо, өсүү темпи 167%га жогорулаганын, алардын ичинен алып караганда, алымсыз бажы төлөмдөр 25 млрд сомго көбөйгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу

24 куткаруучу көчкү алдында калган жаранды  издөөгө чыкты

24 куткаруучу көчкү алдында калган жаранды издөөгө чыкты

Кечээ, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаран 50 баш кой жана 1 аты менен кар көчкүнүн алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аны издөө максатында, бүгүн, 13-февралда ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан жана ведомстволук түзүмдөрүнөн жалпы 24 куткаруучу

Кыргызстанда эки жыл ичинде тоо кен тармагындагы 320 лицензия жокко чыгарылды

Кыргызстанда эки жыл ичинде тоо кен тармагындагы 320 лицензия жокко чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилгенин билдирди. Мекеме лицензиялык талаптарды бузганы үчүн 320 лицензия жокко чыгарылганын, ушул тапта 2014 лицензия күчүндө экенин кошумчалады. Мекеменин маалыматына караганда, акыркы беш жылда бул тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, 3,5 эсе

ӨКМ Түштүк Кореядан эки тик учак сатып алууну карап жатат

ӨКМ Түштүк Кореядан эки тик учак сатып алууну карап жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алууну карап жатканын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди. Азамат Мамбетов анда жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын арттырып, алыскы жана барууга кыйын аймактарга гуманитардык, материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүүнү жеңилдетерин белгилеген. Учурда