Салык кызматы контрабандалык товарларды транспорт менен кошо конфискациялай тургандыгын эскертет

Салык кызматы контрабандалык товарларды транспорт менен кошо конфискациялай тургандыгын эскертет

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында өлкөнүн аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КРнын мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Тажикстан товар жүгүртүүсүн 500 млн долларга жеткирүү сүйлөшүлдү

Кыргызстан менен Тажикстан товар жүгүртүүсүн 500 млн долларга жеткирүү сүйлөшүлдү

Адылбек Касымалиев — Министрлер кабинети менен Президенттин администрациясынын жетекчиси — Кыргызстандын расмий иш сапары менен келген Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул жолугушуу кыргыз-тажик өкмөттөр аралык биринчи кеңешинин алкагында өткөрүлдү. "Чек ара маселелерин чечүү — бул чындыгында тарыхый окуя болуп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт.

Чаарат алтын кени боюнча "Silvercorp Metals" компаниясы менен 162 млн долларлык келишимге кол коюлду

Чаарат алтын кени боюнча "Silvercorp Metals" компаниясы менен 162 млн долларлык келишимге кол коюлду

Кыргызстанда "Silvercorp Metals" компаниясы менен "Чаарат ЗААВ" боюнча Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ участкаларын иштетүү боюнча кызматташуу макулдашуусу өкмөт тарабынан бекитилди. Буга чейин кабарлангандай, келишимдин жалпы суммасы 162 млн долларды түзөт. Макулдашууга ылайык, келишимден кийин "Кыргызалтын" менен биргеликте кошумча ишкана түзүлүп, анда "

Миграцияда топтогон тажрыйбасын Баткенде наабайкана бизнесине айланткан Нурмухаммед Бурхановдун окуясы

Миграцияда топтогон тажрыйбасын Баткенде наабайкана бизнесине айланткан Нурмухаммед Бурхановдун окуясы

Көпчүлүк адамдар үчүн миграция – убактылуу иштеп, акча таап, үйгө кайтуунун жолу. Бирок айрымдар чет жерде жүрүп акча гана эмес, тажрыйба да топтоп, келечекке койгон максатын аныктап кайтышат. Баткен облусунун Бужум айылында төрөлүп өскөн Нурмухаммед Бурханов миграциядагы тажрыйбасын бизнеске айланта алган ишкерлердин бири. Ал Эл аралык миграция уюмунун (ЭАМУ/МОМ) “1+

"РЦА Ливинг" компаниясына кошумча 0,8 гектар жер бөлүнүп берилди

"РЦА Ливинг" компаниясына кошумча 0,8 гектар жер бөлүнүп берилди

"РЦА Ливинг" компаниясына Бишкек шаарында курулуп жаткан ири турак-жай комплекси үчүн кошумча 0,8 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул Бишкек шаарынын бюджетине дагы 1 млн доллардан ашык каражат алып келет. Мындай маалымат Өкмөтүн токтомунда белгилүү болду. Азыр инвесторлордун ижарага алган жердин жалпы аянты 54,3 гектарга жетти, ал