Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттоду

Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттоду

Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттоду. Бул тууралуу Factcheck.kg редакциясы КР менен РФнын быйылкы 8 айдын ичиндеги экспорттук-импорттук соода операцияларын талдоосунун жыйынтыгында билдирди.

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-августта Кыргызстан “куралга орнотуу үчүн телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрү; перископтор; машиналардын, аспаптардын, шаймандардын же аппараттардын бөлүктөрү катары даярдалган көрүү трубалары” деген аталыштагы товарлардын тобун 67 млн сомго (1575 даана) импорттогон. 

Мээлөө дүрбүлөрү, перископтор жана топтун башка товарлары республикага негизинен Кытайдан 18 млн сомдон ашык суммага 956 даана, Япониядан  – 21 млн сомго 122 даана, АКШдан – 9.3 млн сомго 177 аспап алынып келинген. 

Бирок алынып келинген товардын баардыгы Кыргызстандын аймагында калган эмес. 300 миң сомго бир аспап АКШга экспорттолгон. Дагы 10 млн сомго 285 даана Россияга жиберилген.

Аталган порталдын журналисттери 2021-жылга салыштырмалуу бул топтогу товарлардын импорту үч эсе өскөнүн, өткөн жылы Кыргызстанга ушундай товарлардан 30 млн сомго 514 даана алынып келингенин айтышат. 

Ал эми экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсе өскөн – былтыр 1.3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Россияга).

2020-жылы бул топтогу товарлардын 599у Кыргызстанга алынып келинген, ал эми экспорт нөлгө барабар болчу.

Тыянак: Куралга коюлуучу телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрүнүн Россияга экспорту 7 эсе өсүп, алардын суммасы 10 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын