9 айда дээрлик 676 миң кыргызстандык Россияга иштегени кетти
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандан Россияга 675 миң 968 эмгек мигранты кеткен. Бул тууралуу РФнын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен RT басылмасы жазып чыкты.
Белгиленгендей, эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Өзбекстан (4 млн 465 миң 692 адам), Тажикстан (2 млн 714 миң 331 адам) жана Кыргызстандан (675 миң 968 адам) келген.
Укук коргоо органынын статистикасына ылайык, Россияга билим алуу үчүн көбүнчө Тажикстандын (81 миң 671 адам), Казакстандын (71 миң 568 адам) жана Өзбекстандын (55 миң 388 адам) тургундары келген.