Россия косметика, кийим-кече жана сумкаларды Кыргызстан аркылуу импорттой баштады – бул товарларга санкция киргизилген
АКШ менен Евробиримдик Россияга карата санкцияларды киргизгендиктен, РФ бир катар товарларды Кыргызстан аркылуу сатып ала баштады. Бул тууралуу Factcheck.kg Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарын талдап чыгып, билдирди.
Быйыл майда АКШнын аркасынан Евробиримдик да Россияга буюмдарды жиберүүгө тыюу салган тизмеде косметика, парфюмерия жана айымдардын сумкалары бар.
Улутстаткомдун маалыматтары боюнча, быйыл 8 ай аралыгында (январь – август) Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү $2 млрд түзүп, 41%га өскөн, ал эми экспорттун көлөмү $445 түзгөн, былтыр ал $238 млн болчу.
Аталган портал, иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстан косметиканы, буюмдарды жана сумкаларды көбүрөөк экспорттой баштаганын билдирди.
- Январдан августка чейин Кыргызстан 50 тонна атыр саткан, былтыр ушул эле убакытта бир тоннага жетпеген көлөмдө сатылган.
Кыргызстан парфюмердик каражаттарды негизинен Кытайдан (59 тонна), Беларустан (22 тонна), Түркиядан (20.6 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарынан (17.5 тонна) алып келген. Ташып келинген атырдын жарымы Россияга реэкспортко кеткен.
- Макияж каражаттары. 2022-жылы (январь-август) КР Россияга 260 тонна саткан, ал эми 2021-жылы (январь-август) болгону 8 тонна сатылган болчу.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан макияж каражаттарын бир катар өлкөлөрдөн сатып алат. Алар: Орусия (1158 тонна), Кытай (698 тонна), Корея (757 тонна), Казакстан (366 тонна), Польша (38 тонна), АКШ (13.3 тонна).
- Сумкалардын да экспорту да өскөн. Быйыл бул товар 2.1 млн даана көлөмүндө Россияга жиберилген, былтыр болсо болгону 520 даана экспорттолгон болчу.
Ошол эле кезде Кыргызстан сумкалардын көбүн Кытайдан (58 миң даана) жана Түркиядан (3.4 миң даана) алып келет.