Ушул сааттарда бардык банктар доллардын курсун бирдей коюшту
Кыргызстанда доллардын базар баасы август айынан бери биринчи жолу 83.5-84.5 сомго чейин көтөрүлгөндөн бери (сатып алуу-сатуу) ушул деңгээлде кармалууда.
Бүгүн, 9-ноябрда саат 09:35ке карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында доллардын курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүп жатканын valuta.kg сайты маалымдады.
Белгилей кетсек, ушул сааттарда бардык коммерциялык банктарда доллардын курсу бирдей болуп, 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүүдө.
Улуттук банктын 7-ноябрга карата расмий койгон курсу – 83.9981 сом.