«Банктар аралык процессинг борборунда» ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Банктар аралык процессинг борборунда» ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

УКМК “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКта 57.8 млн сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКта өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, УКМК тарабынан ЖАК кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча өзгөчө оор кылмыш жасоо менен кылмыш иши козголду.

Акцияларынын 46.7% КРнын Улуттук банкына таандык жана мамлекеттин менчиги болуп саналган «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөө жана жеке баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурган.

“Тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында «МПЦ» ЖАК жетекчилиги имаратты 106 млн сомго сатуу боюнча келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, «МПЦ» ЖАКтын муктаждыктарына жооп берген эмес жана тийиштүү түрдө пайдаланууга жараксыз болгон.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган мүлктүн базар баасы 48 млн 184 миң сом эле болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Ошентип, ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 млн 815 миң сомду түздү.

УКМК 8-ноябрда кылмышка шектүү катары «МПЦ» ЖАКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы 1977-жылы туулган А.У.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17