Мамлекеттик мекемелер лампаларды «Майлуу-Суу лампа заводунан» сатып алууга милдеттендирилет

Мамлекеттик мекемелер лампаларды «Майлуу-Суу лампа заводунан» сатып алууга милдеттендирилет

Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

КРнын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды бир булактан методу менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКтан түздөн-түз сатып алууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарды белгилөө тапшырылат. 

Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКтан сатып алуу сунушталат. 

«Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому өндүргөн товарлардын тизмеги: 

  • 25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары
  • 200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары
  • 25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары
  • Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары
  • 40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары
  • 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар
  • Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары)
  • Айнек жиптеринен жасалган ровинг;
  • Айнек жиптеринен жасалган фибра.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын