МИК фондулук рынок аркылуу 1.5 млрд сом тартууга аракет кылат
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жалпы суммасы 1 млрд 475 млн 300 миң сомду түзгөн 14 миң 753 нускадагы акциялардын он төртүнчү чыгарылышын жайгаштырды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
КФБ 1-ноябрда МИКтин акцияларынын он төртүнчү чыгарылышынын жыйынтыгы жарактуу деп таанылып, баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилгенин белгилейт.