Москвада кыргызстандык жарандардын 4 млн долларын уурдап кетишти

Москвада кыргызстандык жарандардын 4 млн долларын уурдап кетишти

Москвадагы “Домодедово” аэропортунда белгисиз эки адам Кыргызстандын эки жаранынын 4 млн АКШ долларын тоноп кетишкенин россиялык басылмаларга шилтеме берүү менен “Кабар” агенттиги билдирди.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москвага бизнесин каттоо үчүн барган жарандардын акчасын уурдагандар кылмыш болгон жерден качып кетишкен жана учурда полиция аларды издеп жатат.

“Москва” агенттиги кылмышкерлер Lexus жана Land Cruiser үлгүсүндөгү унааларды уурдап кетип, аларды токойго таштап, өздөрү Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас менен качып кетишкенин тастыктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат. Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

Дональд Трамп өзүнө өзү 1 млрд доллар компенсация талап кылат

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-декабрда Түндүк Каролина штатында сүйлөп жатып, ФБР анын резиденциясында жүргүзгөн тинтүү боюнча АКШ өкмөтүнүн атынан доо арыз берип, өзүнө өзү 1 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, эгерде мындай каражат алынса, аны кайрымдуулук фонддоруна берүүгө даяр. Эске салсак, 2022-жылдын август айында

Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Кечээ "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезонду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Парктагы майрамдык жасалгалардын негизги элементи –жаңы жылдык балаты болду. "Евразия" маданий-эс алуу паркынын директору Вячеслав Шариков парк шаар тургундары үчүн маанилүү коомдук мейкиндикке айланганын белгиледи. Ачылгандан бери паркты болжол менен жарым миллионго жакын адам

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.   Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды”