Жыл башынан бери 61 миң жаран пенсияга чыкты

Жыл башынан бери 61 миң жаран пенсияга чыкты

Соцфонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61 миң 145 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Ал эми 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелген. Андан тышкары, Соцфонд эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелингенин айтат.

Белгилей кетсек, 1-сентябрга карата 733 миң 380 адам пенсия алат, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго, камсыздандыруу бөлүгү 15%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат

Ысык-Көл облусунда быйыл 2 миң темир-бетон мамы орнотлуат

Быйыл Ысык-Көлдө 2 миң жаңы темир-бетон мамы орнотуларын Энергетика министрлигинен билдиришти.  Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960-70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген. Жаңы темир-бетон мамылар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзүп, тармактын ишенимдүүлүгүн арттырат. 2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат: * Ак-Суу РЭТ – 258;

УИА менен Дүйнөлүк банк инвестициялык жөнгө салууну талкуулады

УИА менен Дүйнөлүк банк инвестициялык жөнгө салууну талкуулады

Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров Дүйнөлүк банк өкүлү Хью Ридделл менен Кыргызстандагы инвестициялык жөнгө салууну реформалоо маселесин талкуулады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, инвестиция тармагында заманбап ченемдик-укуктук базаны түзүү маселесин, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдерин карашты. Мындан тышкары, жөнгө салуунун туруктуулугун жана алдын ала

Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулат

Таш-Көмүр шаарында цемент заводу курулат

Таш-Көмүр шаарында цемент заводунун курулушу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Макулдашуу министрлер кабинети менен "Юг Евро Цемент" ЖЧКсынын ортосунда түзүлүп, документке президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана компаниянын жетекчиси кол койду. Инвестициялык долбоордун алкагында Таш-Көмүр шаарында буга чейин башталган цемент заводунун курулушун

АКШ Арменияга 13 млрд доллардан ашык инвестиция салат

АКШ Арменияга 13 млрд доллардан ашык инвестиция салат

АКШ Армениянын экономикасына 13 млрд доллардан ашык инвестиция салуусу мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон инвестициялардын көлөмү Армениянын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн дээрлик жарымына барабар. Мындай каржылык агым өлкөнүн Россияга болгон экономикалык көз карандылыгын алсыратууга жардам бериши мүмкүн деп белгиленет. Буга Джей Ди Вэнстин Ереван шаарына