КР Эмгек министрлигинин Москвада өкүлчүлүгү ачылды - «Жүк-200», жумуш маселесин карайт

КР Эмгек министрлигинин Москвада өкүлчүлүгү ачылды - «Жүк-200», жумуш маселесин карайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда, Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча Өкүлчүлүктүн ачылганын кабарлады.

Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Россиянын жумуш берүүчүлөрүн издөөдө жана ишке орноштурууда, тандоодо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат.

“Ал жерден эмгек миграциясы, Россиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот. Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары, өкүлчүлүккө элчиликтин төмөнкү функциялары берилген:

  • КРын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан бир жолку төлөмдөр боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо
  • иш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары боюнча, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөй коюу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо.

Өкүлчүлүк КРнын Россиядагы элчилигинен 700 метр аралыкта жайгашкан. Дареги: Москва ш., Малая Полянка көч., 7 курулуш 5 (метро Октябрьская (400 м.) метро Полянка (300 м.)

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17