Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Шабдан Баатыр көчөсүндө узундугу 1 миң 80 метр болгон жылуулук тармактары реконструкцияланат. Түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тармак 1989-жылы пайдаланууга берилген, иш жүзүндө 37 жыл кызмат өтөгөн, ал эми нормативдик мөөнөтү 25 жыл.
Фрунзе көчөсүндө иштер 1 миң 120 метрлик тилкеде жүргүзүлөт. Бул жерде түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин чоңойтулат. Тармак 1988-жылы курулуп, 38 жылдан бери пайдаланылып келет, нормативдик кызмат мөөнөтү 25 жыл.

Мэриядан маалымдашкандай, реконструкция аяктагандан кийин жол толугу менен калыбына келтирилет. Иштер 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүп, транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен макулдашылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү