Бүтпөс жомок - Бийлик Бишкектен бүт кичи автобустарды алып, электробустарды алып келүүнү дагы убада кылды

Бүтпөс жомок - Бийлик Бишкектен бүт кичи автобустарды алып, электробустарды алып келүүнү дагы убада кылды

Бишкек мэриясы 370 автобус, 120 электробус сатып алып, Бишкектин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустарды алып салат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Нусувалиев мэрия үч долбоордун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

  • ЕРӨБдүн долбоорунун алкагында 250 автобус сатып алуу пландалууда. 124 автобустун биринчи партиясы 2023-жылдын биринчи жарымында күтүлүүдө.
  • АӨБ каржылаган экинчи долбоор боюнча 120 электробус сатып алуу каралган.
  • Кошумчалай кетсек, жыл башында 100 автобус сатып алууга 1 млрд сом бекитилсе, кийинчерээк бул сан 120 автобус алууга чейин өскөн. Алардын Бишкекке жыл аягына чейин келери күтүлүүдө. Алардын баары газ менен иштейт, экологиялык талаптарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдү ташуу талаптарына толук жооп берет.

«Бул техникалар келгенден кийин Бишкектин борбордук бөлүгүнөн бардык кичи автобустарды чыгарууну пландап жатабыз», – деди департаменттин директору.

Нусувалиев автобус болобу, троллейбус же электробус болобу, жол кире 11 сомдон болорун кошумчалады.


Белгилей кетсек, бийлик 2020-жылдан бери Бишкекке автобустарды алып келүүнү жана кичи автобустарды алып салууну убадалап келет. Мэрия июль айында эле Бишкекте ушул күздөн тартып маршруткалар жүрбөйт деп убада кылган болчу.

Кошумча окуңуз:

Бишкек мэриясы 350 автобус алып келүү боюнча келишим түздү

ЕРӨБ КРга 33 млн евро насыя берет

КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз

КР ЕРӨБдөн автобус алууга алчу акчанын басымдуу бөлүгү кредит түрүндө келет – 25 млн евро

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр

Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт – мэрия

Бишкектин жетекчилиги 200 автобус сатып алууга шашылыш тендер жарыялады

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

“Биз жомоктордон тажадык” – “Жашыл энергетика” фондунун жетекчиси экологиялык саясат үчүн бийликти сындады

Бишкек мэриясы АӨБ менен биргеликте 120 электробус алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсүн аныктоодо

АӨБ берген каражатка жакында Бишкекке 120 автобус алынат – мэрия

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.