Эми Швейцариянын Бишкектеги элчилиги Финляндияга Шенген визасын бербейт
2022-жылдын 1-декабрынан тарта Швейцариянын Бишкектеги элчилиги Финляндияга барууну көздөгөндөргө Шенген визасын бербейт. Бул тууралуу Элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
“Бул өлкөгө виза алууну каалагандар документтерин Финляндиянын Астанадагы элчилигине тапшырышы керек”, – деп айтылат маалыматта.