Комитет кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу долбоорун Жогорку Кеңешке ратификациялоого жөнөтүүнү жактырды
Бүгүн, 15-ноябрда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору каралды.
Тиешелүү комитеттин өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу долбоорун бир учурда уч окууда карап, ратификациялоону Жогорку Кеңешке жиберүүгө макулдугун беришти.
Жыйында депутаттар эки тарап болуп айтышып, жыйынтыгында, каршы болгон Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттар чогулуш бүтө электе, залды таштап чыгып кетишти.