Компенсация деп эң жемиштүү жерлерибиздин ордуна, башка жерлерди берип жатышат - Чынгыз Айдарбеков

Компенсация деп эң жемиштүү жерлерибиздин ордуна, башка жерлерди берип жатышат - Чынгыз Айдарбеков

Бүгүн, 15-ноябрда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.

Жыйында Чынгыз Айдарбеков берилген документтерди кылдат карап көргөнүн, бирок Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тарыхый кагаздарда “алмаштыруу” деген сөз болуп-болбогонун сурады. Анын айтымында, “компенсация” деген сөз болуп, бирок өзбек тарап аны аткарган эмес.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев документте “алмаштыруу” деген сөздүн жок экенин айтты.

“Тарыхый кагаздарга карасак, 1962-жылдан Усубалиевдин мөөнөтүнөн баштап, коюлган талаптарыбызга жараша пахтаны өстүрүшүбүз керек деп Өзбек ССР КПСС кайрылган, кыргыз тарап ушунун негизинде “туура экономиканы өркүндөтүшүбүз керек, суу сактагычты биздин жерибизде куруш керек” деп жооп берип жатат, туурабы? Компенсация деп эң жемиштүү жерлерибиздин ордуна, башка жерлерди берип жатышат. Компенсациянын ордун толтурбай, бизге 4 миң гектар эле беришти. Алар каналдарды курбагандыктан, 100 миң гектар жер жөн эле туруп калды”, – деди Айдарбеков.

Депуттатын айтымында, өзбек бийлиги эч кандай келишимди аткарган эмес, суу сактагычтын алдындагы жер КРга тиешелүү.


Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов Кыргызстан менен түзүлгөн келишим боюнча өзбек тарап милдеттендирилген каналдарды курбагандыгы үчүн жерлерди берип жатканын айткан эле.

“Берилип жаткан жердин 1 миң 19 гектары Анжиян суу сактагычына бөлүнгөн жердин компенсациясынын калган бөлүгүнө берилүүдө. Башкача айтканда, суу сактагычтын аймагы иш жүзүндө 5 миң гектарды түзөт. Союз убагында Өзбекстан 4 миң гектар гана жер берген. Башкача айтканда, карызыбыз бар болчу. Бул карызды жоюу үчүн берилет.

Совет мезгилиндеги келишимде биз (өзбек тарап) дагы бир милдеттенме алганбыз. Өзбекстандын аймагынан канал куруп, Боткен районуна суу жеткиришибиз керек болчу. Бирок бул аткарылган эмес. Кыргыздар дайыма ушуну айтып келишкен, алар чек ара боюнча келишим болушу үчүн биринчи кезекте ушул милдетти аткарууну сурашкан.

Кыргыздардын дооматы боюнча алардын 8 миңден 18 миң гектарга чейинки жери канал аркылуу суу жетпегендиктен айдоо аянты катары иштетилбей калган”, – деген болчу Арипов.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17