Өзбекстан Кыргызстанга канча жер берип жатат? - өзбек бийлигинин версиясы

Өзбекстан Кыргызстанга канча жер берип жатат? - өзбек бийлигинин версиясы

Xushnudbek.uz өзбек порталы Өзбекстан Кыргызстанга канча жер бергендиги тууралуу маалыматын жарыялады.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов Кыргызстан менен түзүлгөн келишим боюнча маанилүү маалыматты ачыктады.

Economist.kg өзбек порталынын берген маалыматынын мазмунун өзгөртүүсүз которуп берет.

Өзбек бийлигинин версиясы

“Интернетте Өзбекстан Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын ордуна 19 500 гектар жерди берип жатат деген маалымат туура эмес. Азыркы келишимде 13 миң 719 га жайыт жерди берүү каралган.

Анда бул жер эмнеге берилип жатат?

Берилип жаткан жердин 1 миң 19 гектары Анжиян суу сактагычына бөлүнгөн жердин компенсациясынын калган бөлүгүнө берилүүдө. Башкача айтканда, суу сактагычтын аймагы иш жүзүндө 5 миң гектарды түзөт. Союз убагында Өзбекстан 4 миң гектар гана жер берген. Башкача айтканда, карызыбыз бар болчу. Бул карызды жоюу үчүн берилет.

Совет мезгилиндеги келишимде биз (өзбек тарап) дагы бир милдеттенме алганбыз. Өзбекстандын аймагынан канал куруп, Боткен районуна суу жеткиришибиз керек болчу. Бирок бул аткарылган эмес. Кыргыздар дайыма ушуну айтып келишкен, алар чек ара боюнча келишим болушу үчүн биринчи кезекте ушул милдетти аткарууну сурашкан.

Кыргыздардын дооматы боюнча алардын 8 миңден 18 миң гектарга чейинки жери канал аркылуу суу жетпегендиктен айдоо аянты катары иштетилбей калган.

  1. Азыр мындай каналды куруу абдан кымбат.
  2. Каналды куруу үчүн Анжиян жана Фергананын 20дан ашык айыл тургундарын көчүрүү керек болот. Өзбекстандын 3.2 миң гектар айдоо жери канал үчүн кетиш керек болот.

Ошондуктан Өзбекстан бул милдеттенменин ордуна 12 миң 709 гектар жайыт жерин берип жатат. Кыргыздар дагы көбүрөөк жер сураган, бирок сүйлөшүүлөр болду.

Наманган облусунун Говасай участкасынын тоолуу аймагынан берилген 12.7 миң гектар жайыт жеринин 6 миң гектары да талаштуу жер болгон. Азыр ал жерди кыргыз жарандары колдонушууда.

Ошентип, иштетилбей жаткан 8 миң гектар айдоо жердин ордуна 12 миң 700 гектар жайыт жери компенсация катары берилген (анын жарымы талаштуу жер). Чек арадагы талаш-тартыштарда 1 гектар айдоо жердин ордуна 2.5 эсе көп жайыт жер берилет. Ошентип, Өзбекстан канал куруу милдетинен (карызынан) кутулуп, Анжиян суу сактагычын Өзбекстандын көзөмөлүнө алуу боюнча көп жылдардан бери келе жаткан талаш-тартыштар жоюлат”, – деп айтылат аталган порталдын маалыматында.


Ошондой эле Xushnudbek.uz өзбек бийлиги кыргыз тарап менен төмөнкүдөй макулдашууларды түзгөнүн билдирди.

 Өзбекстанга:

  1. 19.5 гектар кыргыз жери Өзбекстанга Анжиян (Кампирабад) суу сактагычын башкарууга берилип жатат
  2. 10 конушту алмаштырууга байланыштуу 429 гектар кыргыз жери Өзбекстанга өтүп жатат.

Кыргызстанга:

  1. Өзбекстандын Чуст, Косонсой жана Янгигоргон райондорунан 477 га жер Кыргызстанга компенсация катары берилип жатат.
  2. Өзбекстандын өрөөндүү аймактарынан 294 га жер 10 конуш алмашууга байланыштуу Кыргызстанга берилип жатат. Анын ордуна Өзбекстан Кыргызстандын 429 гектар жерин алып жатат.

Кошумча окуңуз:

Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

«Кемпир-Абаддын» берилишин сынга алып, камалгандардын саны 26га жетти

«Кемпир-Абад» маселеси жөн эле шылтоо экен — Садыр Жапаров

Бизди өтө кооптуу кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураптыр – активист Илгиз Шаменов

Бишкекте 500дөн ашык адам тынчтык митингине катышты

Активисттерди камагандан маселе чечилеби? — Мирлан Самыйкожо

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад боюнча кармалган активисттерди кармоодо укук бузуулар болгонун билдирди

Бүгүн камактагы активисттер менен саясатчыларды колдоо максатында тынчтык митинги өтөт

Кемпир-Абад маселеси: Жыйында Ташиев коркутканга чейин барды

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды — Кемпир-Абад Өзбекстанга кетиши мүмкүн

Садыр Жапаров чуулуу «Кемпир-Абад» суу сактагычынын «тагдыры» тууралуу үн катты

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17