Англияга сезондук жумуштарга баруунун талаптары кандай? - жол-жобосу

Англияга сезондук жумуштарга баруунун талаптары кандай? - жол-жобосу

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Англияда сезондук жумуштарга баруунун талаптары тууралуу маалымат берди.

Ал коюлган талаптарга ылайык:

  • Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болушуңуз керек
  • 8-48 жаш курагында болушуңуз керек (эркектер, аялдар, жубайлар)
  • 2 жылдан кем эмес жарактуу эл аралык паспортуңуз бар болушу зарыл
  • Жакшы физикалык формада болууга, чыдамкайлыкка, ар кандай аба ырайынын шарттарында талаада физикалык иштөөгө даяр болушуңуз керек
  • Буга чейин Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн миграция мыйзамдарында, ошондой эле ЕБ өлкөлөрүнөн депортация учурлары менен көйгөйлөр болбошу керек
  • Англис тилин билүү талап кылынбайт, бирок жумушка орношууда чоң артыкчылык болот
  • Кыргыз Республикасында соттолбогон болушуңуз керек
  • Ден соолук көйгөйлөрүнүн жоктугу: алкоголдук же баңгилик, вирустук оорулар ж.б.
  • Айыл чарба тармагында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Жеткиликтүү ишеним телефону:

  • Онлайн форматта WhatsApp, Telegram
  • телефон аркылуу: +996 220 230 064.

Мындан тышкары окуңуз

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө