Кытай 60%, Кыргызстан 40% үлүшкө ээ айыл чарба техникаларын чогулткан ишкана түзүлөт

Кытай 60%, Кыргызстан 40% үлүшкө ээ айыл чарба техникаларын чогулткан ишкана түзүлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КР Кытай менен биргеликте айыл чарба техникаларын чыгарган ишкана түзүү боюнча долбоордун финансылык маселеси каралды.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева комитеттен республикалык бюджеттен кыргыз-кытай биргелешкен ишкананы уставдык капиталына салуу үчүн 2 млн доллар каражат бөлүп берүү боюнча макулдашууну колдоп берүүнү суранды.

“Бул долбоордун алкагында кытайлык компания менен айыл чарба техникасын чыгарган биргелешкен ишкана түзүү каралууда”, – деди ал.

Комитеттин төрагасы бул керектүү долбоор экенин айтып, колдоп берүүнү суранды.

“Долбоордун 12 млн долларын Кытай тарап каржылап, өзүнүн жабдууларын алып келгени жатат, Кыргызстан имаратын 4 млн долларга баалап берген жана 2 млн доллар накталай акча менен берет. Ошентип Кыргызстан 40% үлүшкө отурат”, – деди ал.

Ошондой эле Төлөнов Кыргызстан 5 жылда 40%га, андан кийин тескерсинче, Кытай 60%га, КР 40% үлүшкө ээ болорун кошумчалады.

“Бизге түшкөн үлүштөн Кыргызстан техниканы алып, аны кайрадан лизингге дыйкандарга берет”, – деген комитеттин төрагасы ишканада негизги техникалар чогултуларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө