Садыр Жапаров эртең Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралган жыйынына катышат
Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек арасы каралган жыйынга катышат. Бул тууралуу президенттин кабарчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.
“Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө“, – дейт Султанбаев.
Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт. Башталышы — саат 10:00.