Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга жана банктарга көзөмөлдү күчөттү – лицензияларын алып, айып пул салууда

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга жана банктарга көзөмөлдү күчөттү – лицензияларын алып, айып пул салууда

Улуттук банк банктардын жана акча алмаштыруу жайларынын ишине көзөмөлүн күчөттү. Регулятор мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда Улуттук банк тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи. Ошондой эле укук коргоо органдары менен бирдикте лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандарды жоопко тартат.

Өлкөнүн башкы банкы КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. 

Мындан тышкары, мыйзам бузуулар үчүн беш акча алмаштыруу бюросунун лицензиялары ар кандай мөөнөткө – 2022-жылдын 12-ноябрынан 26-ноябрына чейин токтотулган.

Ошондой эле, жөнгө салуучу орган 22-ноябрдан тарта «Экспо Мани» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ лицензиясын жокко чыгарды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.