Евробиримдик КРда таза суу жана таштандыларды башкаруу боюнча долбоорлорго 205 млн евро бөлөт

Евробиримдик КРда таза суу жана таштандыларды башкаруу боюнча долбоорлорго 205 млн евро бөлөт

Евробиримдик бөлгөн 100 млн евродон ашык каражат суу менен камсыздоону реконструкциялоого, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга жана Кыргызстандын энергетика тармагын колдоого 205 млн евро тартууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өлкө боюнча жалпысынан 14 шаар жана 8 айыл аталган каржылык колдоодон пайдаланды.

Ош, Ноокат, Өзгөн шаарларында, ошондой эле Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак айылдарына Евробиримдик 16 млн евродон ашык каражат бөлүп, анын негизинде суу менен камсыздоону калыбына келтирүүгө 32 млн евродон ашык инвестиция тартылды.

Европа Биримдиги Ошто таштандыларды чогултуу системасын модернизациялоого (5 млн евро) жана көмүртектин эмиссиясын азайтуу аркылуу энергиянын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга салым кошту.

Бул колдоонун аркасында 376 миңден ашык адам таза ичүүчү сууга, энергияга жана катуу таштандыларды башкаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды пайдалана алышат. ЕБ бул колдоону Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) аркылуу көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,