Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет.

Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Жолугушууларда Кыргызстандагы учурдагы долбоорлордун жүрүшү жана Камбарата ГЭС-1 куруу сыяктуу стратегиялык демилгелер талкууланат.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев дүйнөлүк технологиялык компаниялар — Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX жетекчилери менен жолугуп, санариптик өнүгүү жана жасалма интеллектти жайылтуу маселелерин талкуулайт.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө АКШ Президенти Дональд Трамп администрациясы менен эки тараптуу консультациялар өткөрүлөрү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү маалында

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө мыйзам