«Каракол» эл аралык аэропорту 2023-жылдын аягына чейин ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропорту 2023-жылдын аягына чейин ишке кирет

«Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат жана аталган объектти 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунун” (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.

Долбоордук-сметалык документтер тийиштүү мамлекеттик экспертизадан өткөн.

“Бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп башталды, аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жана жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлөт”, – дейт «МЭА» ААК.

Долбоорду ишке ашырууну КРнын президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, курулуш иштери «МЭА» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен аткарылууда. Куруу иштери аяктаган соң жаңыланган «Каракол» аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.


Эл аралык «Каракол» аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделген. Анын учуу-конуу тилкеси (өлчөмү 2 км X 35 м) 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,