Кемпир-Абад Өзбекстанга кетет - мыйзамды Жогорку Кеңеш ратификациялады

Кемпир-Абад Өзбекстанга кетет - мыйзамды Жогорку Кеңеш ратификациялады

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.

Депутаттар бир эле учурда үч окууда добуш беришти. «Макул» деп 64 депутат добуш беришсе, 19 депутат каршы болду.

Жыйын президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган  тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Ошондой эле мыйзам эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, анын ордуна КРнын картасы 15 500 га жерге чоңоет, ал эми сууну болсо эки өлкө биргелешип башкарышат.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,