Кемпир-Абаддын астындагы жерди берсек, биздин картабыз 15.5 миң га жерге көбөйөт - Ташиев

Кемпир-Абаддын астындагы жерди берсек, биздин картабыз 15.5 миң га жерге көбөйөт - Ташиев

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов сууну, жерди бийлик ратификация аркылуу документтештирип берип жатканын, Ташиев белгилегендей кийин сууну КР сатууну кааласа ал кантип жүзөгө ашырыла турганына кызыкты.

“Биз бүгүнкү күндө 4 485 гектар суунун астында жаткан жерди берүү менен Кыргызстанга 19 700 га жерди алып жатабыз. Биз жөн эле берип жаткан жокпуз, эң ызы-чуулуу, талаштуу жерлерди алып жатабыз. Провокаторлор кайра эле өзүбүздүн жерибизди алып жатабыз деп жатышат, жок, ратификациядан өтсө, Кыргызстандын картасы 15 500 га жерге көбөйөт. Ооба, суунун астындагы жерди берип жатабыз, аны баары бир пайдалана албайсың”, – деди Ташиев.

Жыйында Тазабек Икрамов Кыргызстан Өзбекстанга сууну сатса болбойт беле же газга алмаштырса болбойт беле, себеби ӨР сууну алып, пахта эгип киреше таап жатканын айтты.

Анда Ташиев сууну КР кааласа да сата албай турганын айтты.

“Бул маселе бүгүнкү шарт. Кемпирабадга топтолгон сууну 70 жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келе жатат, азыр дагы пайдаланып жатат, мындан ары да пайдалана берет. Бул шарттар 1965-жылы түзүлгөн, биз ошол шарттарды жаңыртып, кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп жасап жатабыз. Сууну сатабыз деп чыга турган болсок деле сата албайбыз.

Каалайсыңбы же каалабайсыңбы, Кемпирабад суу сактагычы бар, ал жерге биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Сууну сатуу жөнүндө сөз болгон жок жана болушу мүмкүн эмес эле”, – деди УКМКнын жетекчиси.

Икрамов Кыргызстанда суу жетпей турган бир канча жерлер бар экенин, Кемпирабадды толтурбай өзүбүздүн жерибизди суу менен кемсыз кылсак болот эле деген оюн айтты.

“Өзбекстан азыр газын бекитип койду, Россияны ортомчу кылып анын газын алып жатабыз. Суунун акысын алсак болот беле?”, – деди депутат.

Ташиев башка дарыяларды тосуп суу сактагычтарды курса болорун, бул маселе Кемпирабадга тиешеси жок экенин билдирди.


Кошумча окуңуз:

Ташиев: Сууну кааласак да сата албайбыз. Кемпирабадга биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Болду

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17