Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 1.2 млн долларды түздү

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 1.2 млн долларды түздү

2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 млн 255 миң долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.2 эсе көп. Мындай маалыматты КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов берди.

Марипов Сауд Арабиясынын Тышкы соода-сатык иши башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад Аль-Абдульжаббар менен жолугушкан.

“Жакынкы арада Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда түз авиа каттамдар ачылат. Өз кезегинде мен бул мүмкүнчүлүктү максималдуу түрдө пайдаланып, ал аркылуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууну сунуштадым. Ошондой эле акыркы убактарда Кыргызстанда көптөгөн кызыктуу экономикалык жана инвестициялык долбоорлор даярдалып жатканы тууралуу айтып бердим”, – деди элчи.

Жолугушууда Мухаммад Аль-Абдульжаббар өз кезегинде сунуштарды колдой тургандыгын билдирип, Сауд Арабиясы бардык багыттар боюнча Кыргызстан менен болгон соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,