Медиага басым - бийлик «Азаттык Медиага» парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салды

Медиага басым - бийлик «Азаттык Медиага» парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салды

Кыргыз бийлиги «Азаттык Медиа» мекемесине парламенттин ишин чагылдыруу үчүн акредиттик ырастаманы убактылуу токтотту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин эки айлык мɵɵнɵткɵ токтотуу жɵнүндɵгү чечиминин негизинде ЖМК ɵкүлдɵрүн аккредиттɵɵ тууралуу комиссия ЖМК журналисттерин ЖКга аккредиттɵɵ жɵнүндɵгү эрежеге ылайык, парламенттин ишин чагылдыруу үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредиттик ырастаманы 2022-жылдын 17-ноябрынан тартып белгиленген мɵɵнɵткɵ чейин токтотту.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы маселеси каралат. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылган.

Ал эми 15-ноябрда болсо Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңеште үч окууда бир кароого жөнөткөн.


Белгилей кетсек, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн – авторитардык ыкма экенин билдирген.

Акыркы айларда өлкөдө бийликтин позициясы менен макул болбогон саясатчылар, жарандык активисттер жана журналисттер куугунтукка алынууда. 23-октябрдан бери Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан 30дай адам кармалып, алар эки айга камакка алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,