Ташиев: Сууну кааласак да сата албайбыз. Кемпирабадга биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Болду

Ташиев: Сууну кааласак да сата албайбыз. Кемпирабадга биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Болду

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Жыйын президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган  тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Алгач Ташиев маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19.5 га. Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, КРнын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылып жатканын билдирди.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4127 га жерди Кыргызстан кийин Өзбекстан менен алмашып алса болорун айтты. Ал Кыргызстан Өзбекстан менен баш-аягы 1500 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоо алдында турганын айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүдө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Депутаттар эмне дешти?

Жыйында Тазабек Икрамов Кыргызстан Өзбекстанга сууну сатса болбойт беле же газга алмаштырса болбойт беле, себеби ӨР сууну алып, пахта эгип киреше таап жатканын айтты.

Анда Ташиев сууну КР кааласа да сата албай турганын айтты.

“Бул маселе бүгүнкү шарт. Кемпирабадга топтолгон сууну 70 жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келе жатат, азыр дагы пайдаланып жатат, мындан ары да пайдалана берет. Бул шарттар 1965-жылы түзүлгөн, биз ошол шарттарды жаңыртып кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп жасап жатабыз. Сууну сатабыз деп чыга турган болсок деле сата албайбыз.

Каалайсыңбы же каалабайсыңбы, Кемпирабад суу сактагычы бар, ал жерге биздин сууларыбыз топтолот жана ал Өзбекстанга кирип кетет. Сууну сатуу жөнүндө сөз болгон жок жана болушу мүмкүн эмес эле”, – деди Ташиев.

Икрамов Кыргызстанда суу жетпей турган бир канча жерлер бар экенин, Кемпирабадды толтурбай өзүбүздүн жерибизди суу менен кемсыз кылсак болот эле деген оюн айтты.

“Өзбекстан азыр газын бекитип койду, Россияны ортомчу кылып анын газын алып жатабыз. Суунун акысын алсак болот беле?”, – деди депутат.

Ташиев башка дарыяларды тосуп суу сактагычтарды курса болорун, бул маселе Кемпирабадга тиешеси жок экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,