Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралууда. Түз эфир
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышууда. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев баяндама жасады.